"Ошэлектр" үйлөрдөгү жылыткычтарга пломба басылган боюнча түшүндүрмө берди

"Ошэлектр" ААКсы Кадамжайда электриктер үйлөрдөгү электр жылыткычтарына пломба баскан боюнча түшүндүрмө берди:

"Быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу, электр энергия өндүрүп чыгаруу баштапкы жылдарга караганда азайды. Муну менен катар эле керектөөчүлөрдүн саны да кескин түрдө өсүүдө. 2021-жылдын 10 айдын аралыгында "Ошэлектр" ААКу боюнча калк абоненти 12 867 көбөйдү.

Энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана электр тармактардагы авариялык абалды алдын алуу максатында, "Ошэлектр" ААКу Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында электр энергиясын пайдаланууга берилген техникалык шарттардын жана электр энергиясын пайдалануу эрежелерин аткарылуусун тынымсыз көзөмөлдөө максатында, рейддерди бекитилген тартипте уюштурууда. Рейддердин жүрүшүндө, электр тогун берилген чектен ашыкча колдонгон бир нече учурлар аныкталып жатат.

Чектен ашыкча колдонгон абоненттерге жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, электр энергиясын көп талап кылуучу электр жылыткыч ж.б жабдууларын убактылуу пломба басуу иштери жүргүзүлүүдө.

Урматтуу керектөөчүлөр, алдыда катаал кыш мезгили келе жатат. Кыш айыларында калктын калын катмары жетишээрлик жарык менен камсыз болуу үчүн электр энергиясын максатсыз колдонуудан алыс болуңуздар.

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жж. күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09.04.2021-ж. №137 токтомунун негизинде, Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча электрэнергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттери бекитилген. "Ошэлектр" ААКу боюнча 2021-ж. 16-ноябрына карата бекитилген лимиттердин ашыкча электр пайдалануусу 31,5 млн.кВтсаат же 21,6%га ашыкча. Ал эми Кадамжай РЭТи боюнча 3,3 млн кВтсаат же 24,4% ашыкча болуп атат.

"Ошэлектр" ААКу жылытуу жана сууну ысытуу үчүн отундун башка альтернативдик түрлөрүн (газ, көмүр ж.б.) колдонууну эскертет жана электрэнергияны туура пайдаланууну сунуштайт.

Кээ бир абоненттер туура түшүнүү менен кабыл алып өздөрү жардам берүүдө, ал эми калган абоненттер да кайдыгер мамиле жасабай жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди колдооруна ишенебиз!", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Наргиз Мадеминова аттуу Facebook колдонуучусу жеке баракчасына Баткен облусунун Кадамжай райондук электр тармактарынын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын үйлөрүндөгү электр жылыткычтарына пломба басып жатканын жазып чыккан болчу.

Анын жазганына караганда, Кадамжайда электриктер үйлөргө кирип, пломба басып, элге көмүр жаккыла деп жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД