
Кайгуул кызматкерин унаанын капотуна сүйрөгөн айдоочуга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Эске салсак, Бишкекте Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу милициянын кайгуул кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, аны капотуна сүйрөп кеткен.
Кайгуул кызматкерлери бүгүн болжол менен саат 11:30да Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бирок айдоочу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей, каршылык көрсөткөнгө аракет кылган.
Маалыматка ылайык, ал жарандын жанында айдоочулук күбөлүгү жок болгон жана "Коопсуз шаар" долбоору боюнча келген 15 айыптын төлөнбөгөнү аныкталган. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп айтылат маалыматта.
Унаа айып аянтчасына киргизилди.