
Бүгүн, 18-ноябрда БШКнын мүчөлөрү депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин кудасы добуш сатып алууга аракет кылган деп УКМК тарабынан кармалганы боюнча ишти карады.
УКМКнын маалыматы боюнча, депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин кудасы Мухтар Сыдыков домком, агитаторлор аркылуу добуш сатууга аракет кылган.
Отурумдун жыйынтыгында, БШК бардык мүчөлөрү Камчыбек Жолдошбаевди каттоодон чыгарууну колдошту.