Казакстандын гуманитардык жардамы Кыргызстанга келди

Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, темир жол аркылуу жалпы салмагы 4 миң 500 тоннаны түзгөн 75 вагон буудай уну келип түштү. Бул алгачкы партиясы экени айтылды. Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жалпысынан 10 миң тонна ун берүү чечимине кол койгон.

Белгилей кетсек, былтыр май айында коңшу мамлекет жалпы баасы 900 миң долларды түзгөн 5 миң тоннага жакын ун, ал эми ноябрь айында 400 даана желдеткич жана 2 миллион медициналык беткап жардам берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД