Кыргызстандын ЖАМКнын жетекчиси Орусиянын абагынын шарттары менен таанышты

Жазаларды аткаруу федералдык кызматына болгон иш сапарынын алкагында ЖАКнын төрагасы Аскат Эгембердиев башында турган Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын делегациясы Россиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын Волгоград областы боюнча иш сапары менен болду. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, делегацияны аймактык органдын жетекчиси Александр Просвернин тосуп алып, ведомствонун жана

Волгоград шаарындагы No9-түзөтүү колониясында кесиптештер соттолгондорду кармоо шарттары жана мекеменин өндүрүштүк иштери менен таанышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында ЖАКнын төрагасы генерал-майор А.Эгембердиев башкармалыктын жана ведомстволук мекемелердин ишмердүүлүгүн жогору баалап, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Расмий сапардын соңунда Мамаев Курган тарыхый-мемориалдык комплексине жана "Сталинград салгылашы" панорама музейине барышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД