ЖАМКнын жаш жоокерлеринин аскердик ант берүү аземи болду

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондор менен камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү департаментинде майрамдык шаң – 2021-жылдын сентябрь-октябрь айларында аскерге чакырылган жаш жоокерлердин аскердик ант берүү аземи болду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкерлери менен бир сапка кошулду жана бул алар үчүн чоң сыймык жана кыргыз элинин алдында чоң жоопкерчилик алып жатышат. Себеби алар мамлекеттик мааниге ээ чыныгы күжүрмөн мүнөздөгү тапшырмаларды аткарышат.

Мындай тапшырмаларды аткаруу үчүн биринчи кезекте ар бир жоокерден бийик моралдык-психологиялык туруктуулук, жогорку кыраакылык жана чукул кырдаалдарга карата тез чара колдоно билүү шарттары талап кылынат. Алар айрым учурларда өз өмүрлөрүнө да коркунуч туулган жагдайларга туш болуп калуусу мүмкүн.

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери кылмышкерлер жаза өтөп жатышкан түзөтүү мекемелерин кайтаруу, оор кылмыштарды жасаган кылмышкерлерге, алардын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун башчыларына карата жүрүп жаткан сот процесстерин камсыздоо, аларды сот мекемелеринен тергөө абактарына, ал жерлерден түзөтүү мекемелерине атайын автоунаа менен ташуу милдеттерин аткарышат. Жоокерлер кылмышкерлер менен ээн жерде жанаша жүрүп, ызгаардуу кыштагы суукка, аптаптуу жайдагы ысыкка карабай өз жеринин тынчтыгы үчүн намыстанып кызмат өтөшөт.

Жоокерлердин ант берүү аземине арналган бул салтанатка башка өз ара кызматташ түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Департаменттин ардагерлери, ошондой эле республиканын ар кайсы аймактарынан чакырылган жаш жоокерлердин ата-энелери катышышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД