Мамкызматкерлердин депутаттыкка талапкерлерге үгүт кылгандыгы аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин пайдасына үгүттөөлөрдү аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-ноябрында УКМК кызматкерлери "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысы "С.А.О." тарабынан "Ата Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер М.Т.А.нын пайдасына үгүт иштерин жүргүзүү фактысын аныктап, тиешелүү чараларды көрүү максатында Базар-Коргон районунун ИИБ жана Тез жооп берүү координациялоо тобунун кызматкерлерине бул факты боюнча материалдарды өткөрүп беришти.

Базар-Коргон райондук ИИБ бул фактыны 2021-жылдын 10-ноябрында маалымат журналына каттаган. Текшерүүнүн жыйынтыгында С.А.О. тарабынан үгүттөө фактылары тастыкталган, бирок КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 871-беренесинин 2-бөлүгү боюнча текшерүү аракеттери токтотулган.

Ошону менен бирге Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын башчысына С.А.О. "катуу сөгүш" тартиптик жазасын жарыялады.

КР УКМК алдыдагы КР Жогорку Кеңешине шайлоону укуктук талаанын алкагында өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер тарабынан мыйзам бузууларга жол бербөө максатында, ведомство алдыдагы шайлоолордо ачык-айкындуулукту жана тазалыкты камсыз кылуу боюнча зарыл чаралардын комплексин көрүүдө.

КР УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефону: (0312) 62-05-85 (Бишкек ш.), ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:

Чүй облусу: (0312) 54-07 19:

Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;

Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;

Ош облусу: (03222) 2-30-78;

Талас облусу: (03422) 5-20-43;

Баткен облусу: (03622) 5-00-33.

Нарын облусу: (03522) 5-08-49


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД