
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо алдындагы жарышта айрым активисттердин шайтан оюндары башталды. Социалдык тармактарда №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Медербек Саккараевдин Казак Республикасынын жараны имиш деген маалымат тарап кетти. Бул маалымат менен кошо тиркелген сүрөт фейк да болушу мүмкүн (себеби, бул фотонун фонунда Чоенбаев Едил Болатбекович деген адамдын аты-жөнү жазылып турат), балким бул атаандаштарынын Медербек Саккараевди шайлоого катышуудан четтетүү аракети да болушу мүмкүн.
Биздин редакция бул тууралуу БШКга кайрылып, БШКнын расмий өкүлүнөн төмөнкүдөй жооп алды:
- Ооба, мындай маалымат бизге түшкөн. Биз бул сыяктууларга иликтөө жүргүзбөйбүз. Ошондуктан, биз бул арызды КРнын укук коргоо органдарына жөнөткөнбүз. Укук коргоо органдары бул маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо үчүн Казакстанга сурам жөнөтөт. Ал эми анын жыйынтыгы жана жообу КРнын БШКсынын жыйналышында айтылат.
Урматтуу жарандар, тарап жаткан ушак сөздөргө, фейк жаңылыктардын баарына эле ишене бербеңиздер. Биз бардык талапкерлерди таза үгүт жүргүзүүгө, бири-бирин каралоодон алыс болууга чакырабыз. Биз таза шайлоо үчүн!
