
Республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 20-ноябрга карата коронавирустун 53 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду.
Бишкек шаарында - 16;
Чүй облусунда - 10;
Ысык-Көл облусунда - 10;
Жалал-Абад облусунда - 5;
Баткен облусунда - 5;
Ош облусунда - 4;
Талас облусунда - 2;
Нарын облусунда - 1.
Ал эми илдеттен 80 адам айыкты.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 182 780ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 369 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 720 адам көз жумду.
Учурда 512 бейтап ооруканада, ал эми 647 киши үй шартында дарыланууда.