Ковид-19: студенттерге эмдөөнүн эффективдүүлүгү жөнүндө маалымат берилди

Борбор шаардын жогорку окуу жайларында Ковид-19га каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгү жөнүндө окутуучулар жамааты менен студенттердин арасында түшүндүрүү баарлашуусу башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь акимиаты, райондун №18 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери Насипа Каракеева менен Гүлзат Койлубаева тарабынан Ишеналы Арабаев атындагы гуманитардык институтунун студенттерине 200 кишиге "COVIDдин алдын алуу, COVID-19га каршы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Семинарлар студенттерди жана мугалимдерди маалыматтык жана окуу материалдарын таркатуу менен эмдөөнүн маанилүүлүгү менен тааныштыруу жана маалымдоо максатында өткөрүлдү. Катышуучулар адистерден эң актуалдуу маалыматты алып, суроолоруна жооп алышты. Семинардын жыйынтыгында каалоочулар эмделди.

Бүгүнкү күндө Октябрь районунун аймагында Коронавируска каршы эмдөө

7 жерде жүргүзүлүүдө

- № 6 БҮМБ (2пункта),

-№ 15, 18, 19 ҮМБ;

- "ТОММИ" жана

- Технопарк" соода борборунда


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД