Арасында кыз да бар. Бишкекте таксистти тоногон деп үч адам кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери таксистке кол салууга шектүү катары үч адамды кармады. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда Биринчи май райондук милициясына Э.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү саат 04:00дөр чамасында "Тынчтык" конушунда белгисиз адамдар күч колдонуп, унаанын коопсуз куру аркылуу муунтуп, "Мазда Демио" унаасын, 2 миң 500 сом акчасын жана 15 миң сомдук "Редми" уюлдук телефонун тартып алып, бергисиз тарапка качып кеткендерге карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Шектүү катары 1979-жылкы С.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдын шериктери катары 1992-жылкы К.У. жана 1983-жылкы О.Н. кармалган. Алар Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иши уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД