
Токмок шаарында дагы бир жаран өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имаратка чыгып, секирем деп жатат деген маалыматтын негизинде Токмок шаардык №21 ӨККБнөн 3 куткаруучу жерине саат 16:22де чыгып, саат 16:30да жетишкен.
Белгиленгендей, Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы А. Ашыралиев өз жанын кыюуга аракет кылган 1992-жылы туулган М.И.Ш. аттуу дунган улутундагы жаранды алдап кармап, андан соң жетелеп ылдый түшүрүштү.
Айрым маалыматтарга караганда, өз жанын кыймакчы болгон жигит бул кадамга үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу барган.
Эске салсак, кечээ 19-ноябрда да дал ушул жерде ушул сыяктуу учур катталган. Анда сүйлөшкөн кызы менен уруша кеткен жигит мас абалында бийиктиктен боюн таштамакчы болгон. Аны да ӨКМдин кызматкерлери сактап калышкан.