Темир Сариев абактан чыкты

Бүгүн, 20-ноябрда мурдагы премьер-министр Темир Сариев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин козголгон 2012-жылдагы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп тургандагы иш "далил жок" деген негизде кыскартылган. Сариевге карата иш 2015-жылы премьер-министр болуп турганда тоо кен планы боюнча буйрукка байланыштуу "кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген беренеге өзгөртүлгөн. Буга байланыштуу Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 20-ноябрда эркиндикке чыкты.

Мурда Сариевге "Коррупция" беренесинин негизинде айып тагылып, Кумтөр иши боюнча 3-августтан бери УКМКнын СИЗОсунда жаткан болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД