Нарында "Камкордук" алдын алуу иш-чарасы жыйынтыкталды

Нарында "Камкордук" алдын алуу иш-чарасы жыйынтыкталып, аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө жардам берилди. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын облусунун аймагында 2021-жылдын 17-ноябрдан 19-ноябрьга чейинки күндөрү "Камкордук" аталыштагы оперативдик-алдын алуу иш-чарасынын өткөрүү жөнүндөгү Нарын ОИИБнин буйругу чыгарылып, аткаруу үчүн жер-жерлердеги шаар жана райондук ички иштер бөлүмүндөрүнө жиберилген.

Иш-чара мамлекеттик администрация, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, билим берүү, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүп,

4 мектепте окубаган, 2 кароосуз калган, 6 турмуштук оор кырдаалга кабылган, соода-сатык түйүндөрүндө иштеген иштеген 18 жашы жете электер жана кыйынчылыкка кабылган 3 үй-бүлө, 36 тышкы мигранттардын балдары, 18 ички мигранттардын балдары аныкталды.

Аныкталган жашы жете электер боюнча мектепке тартылбай калган окуучулардын 1 окуучусу кайрадан мектепке тартылса, турмуштук оор кырдаалга кабылган жаш өспүрүмдөрдүн 2 кризистик борборлорго, 1 жаш өспүрүм балдар үйүнө жайгаштырылып, калган жашы жете электерге жардам көрсөтүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга 7,билим берүү мекемелерине 28, социалдык коргоо органдарына 7, башка органдарга 4 маалыматтар, сунуш каттар жиберилди.

Мындан тышкары Нарын ШИИБү, Жумгал, Нарын РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жалпы 10 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк, кышкы жылуу кийимдер алынып берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД