Өткөн суткада Бишкек шаарында 95 адамдан коронавирус аныкталды, деп билдирди бүгүн, 31-майда борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчисинин орун басары Айнагүл Рыскулбекова.
Анын айтымында, 86 учур лабораториялык жактан, 9 учур клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталды.
95 адамдын ичинен 81 киши Бишкек шаарынын тургундары. Калган 14 киши башка аймактардан келишкен.
Акыркы суткада Бишкек шаарында катталган бейтаптар:
- Свердлов районунда - 31;
- Биринчи май районунда - 19;
- Ленин районунда - 18;
- Октябрь районунда - 13;
- башка аймактан келгендер - 14.
95 адамдын ичинен 20 киши ооруканаларга жаткырылды. Калган 75 адам үйдө дарыланууда.