Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 4106 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-ноябрдан тартып, 18-ноябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 4106 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -68 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -8;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу -48
-Жасалма номур менен унаа башкаруу -1;
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 68;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 3916;
323 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.