Милиция туура эмес орнотулган көрнөк-жарнактар үчүн айып салууда

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан туура эмес орнотулган көрнөк-жарнактар үчүн 22 000 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү автоунаа жүрүүчу жол жээктерде Кыргыз Республикасынын "Автоунаалар жүрүүчү жолдор" тууралуу мыйзамына туура келбеген туура эмес орнотулган көрнөк-жарнактар, баннерлер, көрсөткүчтөр, белгилер, плакаттар жана башка башаламан белгилер үчүн атайын, "Рекламный щит" аталышында реддик иш-чара жүргүзүп, төмөнкү бузууларды аныктады;

-өз алдынча туура эмес жарнак-баннерлерди орнотуп алгандар 46 факты;

- туура эмес орнотуулар үчүн 8 жаранга эскертүүлөр берилди;

-туура эмес орнотулган көрнөк-жарнактардын 34тү алынды;

-Жалпы 22 000 сомго айып салынып, башкаларына эскертүүлөр берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД