Covid-19: АКШда 1.5 млн адам жыт сезүүсүн биротоло жоготту

Америкада 1.5 миллиондон ашуун адам коронавирустан кийин жыт сезүүсүн биротоло жоготкон. Бул тууралуу америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып, ntv.com.tr сайты жазып чыкты.

Пандемия башталгандан бери АКШда болжол менен 48,5 миллион адам Covid-19 инфекциясын жуктурган. Изилдөөлөргө ылайык, илдетке чалдыккандардын 1,6 миллионго жакыны жарым жылча жыт сезбей калган.

Адистер жыт сезүү алты айдын ичинде калыбына келбесе, анда адам бул сезимден биротоло айрылышы мүмкүн экенин, бир нече жыл бою жыт сезбей калгандардын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү азыраак болорун белгилешет.

Жыт сезүүнү жоготуу медицина илиминде аносмия деп аталат. Ал ар кандай себептерден, анын ичинде Covid-19 сыяктуу респиратордук инфекциялардан улам пайда болушу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД