БШК шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү

БШК КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин аймактарга жана чет өлкөдөгү участокторго жөнөттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 21-ноябрында "Учкун" ААКтын имаратында даярдалган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо бюллетендерин, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бюллетендерди, жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлду.

Даярдалган бюллетендер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын округдук шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участкаларга жөнөтүлдү.

Даярдалган бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюу маалында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар, саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрү, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо үчүн – 3 702 646 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 2970157, орус тилинде – 732489 бюллетень. Мындан тышкары, 2494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

Бишкек шаарына - 431 382, Жалал-Абад облусуна – 686 684, Ош облусуна – 900 536, Баткен облусуна – 305 666, Нарын облусуна – 209 073, Ысык-Көл облусуна – 316 828, Талас облусуна – 163 001, Чүй облусуна – 611 842 бюллетень, чет өлкөлүк участкаларга – 75 727 бюллетень жөнөтүлдү.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бардыгы болуп 3 625 277 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 2928810, орус тилинде – 696467 бюллетень. Мындан тышкары, 2435 бюллетень Брайль ариби менен дардалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД