Акылбек Жапаров Москвага учуп кетти

Бүгүн, 22-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу аткаруу бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров иш сапардын алкагында Орусиянын өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин менен жолугушуу өткөрөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланары айтылды.

Акылбек Жапаровдун Москвага сапары үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде макулдашылган. Анда Жапаров орусиялык кесиптеши менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД