Шайлоо күнү Баткен облус аймагында 1200гө жакын милиционер иш алып барат

Бүгүн Баткен ОИИБнын жетекчилиги өздүк курамга 28-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарын шайлоону өткөрүүдө кызматкерлер арасында укук бузуулардын алдын алуу, мыйзам бузуучулукка жол бербөө ошондой эле шайлоого аралашпоо боюнча бир катар эскертүүлөрдү берип өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБнын жетекчилиги милиция кызматкерлеринин шайлоо алдындагы кызматтарына канчалык деңгээлде даяр экенин бир катар текшерип чыкты. Бул текшерүүдө ар бир кызматкердин кийип турган формасы кышкы сезонго даярдыгын, алып жүргөн кызматтык күбөлүктөрүн текшерүүдөн өткөрдү.

Шайлоо күнү Баткен облус аймагында жалпысынан 1200гө жакын милиция кызматкерлери элдик кошуундар менен биргеликте иш алып барат. Шайлоо тилкелерине бөлүнгөн кызматкерлер Баткен ОИИБы тарабынан чыгарылган чөнтөк китепчелер менен камсыз болушкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД