Бишкек-Дели-Бишкек багыты боюнча алгачкы каттам 19-ноябрда учуп келди. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, каттамды жаңы атамекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Airbus А320 учагы менен ишке ашырды.
Маалыматка ылайык, авиакомпания Бишкек-Дели-Бишкек каттамын жума сайын ишке ашырууну пландоодо.
2021-жылдын 5-ноябрында "Аэро Номад Эйрлайнс" Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинен туруктуу жана чартердик каттамдар менен жүргүнчүлөрдү ташууга укук алган.