Кыргызстандык 5 дзюдочу Абу-Дабиде өтүүчү эл аралык мелдешке катышат

Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасы БАЭде өтө турган Abu Dhabi Grand Slam эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 24-28-ноябрь күндөрү Абу-Даби шаарында өтөт.

Аталган мелдешке курама команда төмөнкү курамда катышат:

1. Айбек Кубанычбек уулу, 66 кг;

2. Байбол Саламат уулу, 66 кг;

3. Эльтур Турдубаев, 73 кг;

4. Эрлан Шеров, 90 кг;

5. Абдужалил Юнусов.

Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД