UFC`нин чемпиону Валентина Шевченко туулган жерине болгон сапарынын алкагында бүгүн, 22-ноябрь күнү журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Анда ал "Кыргыз өлкөсүнө канча убакытка келдиңиз?" деген суроого көбүрөөк убакыт жүрүп кетүүгө план койгондугун айтты.
"Көбүрөөк жүрүп кетсемби деп жатам. Балким, 2-3 жума же андан көбүрөөк. 2019-жылы аз убакытка гана келип калгам. Мында болсо көбүрөөк жүргүм келип жатат", - деди Шевченко.
Мушкер акыркы жолу Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылы келген.