Бишкекте 5 сааттын ичинде терезелерин караңгылаткан 13 автоунаа аныкталды

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 5 сааттын ичинде 13 терезелерин атайын караңгылаткан автоунаалар аныкталып, 71 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы учурларда автоунааларынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдаган айдоочулар көп байкалып, жада калса анын кесепетинен жол кырсыгына кабылган фактылар да кездешүүдө.

Мына ошолордун алдын алуу максатында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери атайын "Тонировка" аталышында рейддик иш-чара өткөрүп, 5 сааттын ичинде 13 терезелерин караңгылатып айдоочулар аныкталып, 71 500 сом айып салынды.

Мындай рейддик иш-чара эртең кечкиге чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД