Президент карапайым элдин арасында да душмандары бар экенин айтты

Менин душмандарым бийликте эле эмес, карапайым элдин арасында да бар. Мындай пикирин 22-ноябрда президент Садыр Жапаров Сокулук районунун "Ак-Ордо-3" конушунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда айтты.

Ал көмүр маселесин мисал келтирип:

"көмүрдүн баасын түшүргүлө деп, бир ай какшап сурандык, бир машинадан он-он беш миң таза киреше тапсаң да жетет дедик. Жок, сөзсүз миң доллар таза киреше табышы керек экен. Анан айла кеткенде өкмөт колго алып туруп, бааны 3 миң сомго түшүрүп салдык, 100-200 айдоочу ишсиз калды. Ушундай да болуп жатат", - деп айтты Садыр Жапаров.

22-ноябрда президент Чүй облусунун Сокулук районунун "Ак-Ордо-3" конушунун жашоочулары менен жолугушту. Тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келишкенин, конушта мектеп, оорукана, бала бакча жок экенин, ошондой эле жол жана көрүстөн маселелери курч турганын айтышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД