УКМКнын төрагасынын орун басары алмашты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору Жоробаев Жанибек Суюнбаевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Садыр Жапаровдун дагы бир койгон буйругуна ылайык, Разаев Абдыкадыр Маматюсупович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД