УКМК Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары алмашты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги Бекташов Курсанбек Урбаевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен Маралбаев Марат Мелисбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин

Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги болуп дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД