Кыргызстанда аялдар эркектерден көп. 100 эркекке канча аял туура келет?

Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда көп.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2020-жылы ар бир 100 аялга 99 эркек туура келген. Бул эркектердин өлүмүнүн жогорку деңгээлине байланыштуу, бул аялдардын аналогикалык көрсөткүчүнөн 1,3 эсе жогору.

2020-жылы төрөлгөндөгү жашоонун күтүлгөн узактыгы аялдар үчүн 76 жыл, жана эркектер үчүн 68 жылды түздү. Демек, дагы эле төрөлгөндөгү жашоонун күтүлгөн узактыгынын гендердик айырмачылыгы 8 жылды тузөт. Аялдардын 90 пайызга жакыны пенсияга чыгуу курагына чейин жашашы ыктымал, эркектердин 70 пайыздан ашыгы. Азыркы 60 жаштагы аялдар дагы 21 жыл, эркектер 15 жыл жашоо ыктымалдуулугуна ээ болушат.

2020-жылы 81 миң 154 эркек бала төрөлдү, бул кыздарга караганда (76 миң 958) дээрлик 5,5 пайызга көп. Республикада жыл сайын 100 кызга 105-106 эркек бала төрөлөт

Акыркы жылдары никеге чейинки курактагы (15-17 жаштагы) кыздар арасында төрөттүн 2016-жылы ушул курактагы аялдардын 1000ине 6,4 баладан, 2020-жылы 4,3 балага чейин, же дээрлик 1,5 эсеге төмөндөшү байкалган.

Никеге чейинки жаш курактагы кыздардын төрөтүнүн эң жогорку көрсөткүчү Талас жана Чүй облустарында байкалды, бул 2020-жылы республикалык көрсөткүчтөн 1,3 - 2,2 эсеге жогору жана 15-17 жаш курактагы кыздардын 1000ине 5,6 жана 9,5 жаңы төрөлгөн бала туура келди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД