Курал-жарактарды ыктыярдуу тапшыргандарга акчалай сыйлык берилет. Баалары

Ички иштер министрлиги жарандарга өз ыктыяры менен курал-жарактарды тапшырууну эскертет, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы. . Буга байланыштуу КР ИИМи жарандарга акчалай сыйлоосу менен курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырууну эскертет

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын бардык аймагында милиция кызматкерлери "Арсенал" аталышындагы алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө.

"Бул иш-чаралар мыйзамсыз жүгүртүүдөгү курал-жарактарды жана ок-дарыларды алууга, ошону менен бирге курал-жарактардын жана ок-дарылардын сактоо шарттарын бузууларын аныктоого багытталган", - деп айтылат маалыматта..

Белгилей кетсек, КР Жазык кодексинин 253-беренесинде ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 60 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөдөн 2 жыл 6 айга чейин кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.

Ошондой эле курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырган учурда жарандар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, төмөнкү өлчөмдө акчалай сыйлоолор төлөнөт:

- Автоматтык гранатометтор, анын ичинде чет өлкөлүк, өндүрүштөгү гранатометтор түнкү кароолу бар жана кол менен жасалгандар (снаряды жок) – 16 000 сом;

- Пулеметтор, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүш жана түнкү кароолу бар пулеметтор – 16 000 сом;

- АК, АКМ, АКМС, АК-74, АКС-74, АКС-74у жана башка типтеги автоматтар, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүштөгү түнкү кароолу бар автоматтар – 9 600;

- СВД, СВДС, СВДН согуштук снайпер винтовкалары, анын ичинде снайпердик атуу үчүн ыңгайлаштырылган узун стволдуу сайлуу түрдөгүлөр – 9 600 сом;

- Аңчылык карабини, анын ичинде аңчылык сайлуу кездиктер жана согуштук куралдар – 6 400 сом;

- Аңчылык сайлуу эмес мылтыктар, анын ичинде кездиктер, алмаштырылуучу, салынма стволдор – 3 200 сом;

- Колго жасалган атуучу түзүлүш (ок атуучу үчүн арналган буюмдар) – 1 600 сом;

- Аскердик жарылгыч заттар (тротил, гексоген жана башка жарылуучу заттар, анын ичинде алардан жасалгандар) – 100 гр. үчүн 1 600 сом;

- Өндүрүштүк багыттагы жарылуучу зат (аммонит, угленит ж.б.) - 100 гр. үчүн 840 сом;

- Кол гранатасы (окуу гранаталарынан башкалар) – 3 200 сом;

- Сапердук миналар жана атайын багыттагы инженердик ок-дарылар (окууда колдонулгандан башкалар) – 3 200 сом;

- Сайлуу курал-жарактардын ок-дарылары: 5,45; 7,62 жана андан чоң калибрдеги согуштук патрондор; 7,62 калибрдеги аңчылык патрондору – 1 даана үчүн 10 сом;

- Сайлуу эмес курал-жарактардын ок-дарылары – 1 даана үчүн 6 сом;

- Өзүн-өзү коргоо куралы, жаракат келтирүүчү октору бар курал, газ куралы – 3 200 сом;

- Пистолет же ок атуучу револьвер - 6 400 сом;

- Дары -100 гр. үчүн 100 сом.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД