Болгарияда автобус өрттөнүп, 46 адам каза тапты

Болгариянын борбору Софья шаарынын батыш тарабындагы Боснек айылында номери Түндүк Македонияга таандык автобус өрттөнүп, 46 адам каза тапты. Бул тууралуу Болгариянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенин бир катар басылмалар жазды.

BGNES Agency басылмасынын жазганына караганда, автобуста 52 жүргүнчү бараткан. Көз жумган 46 адамдын 12си жаш балдар болгон. Кырсыктан аман калган 2 аял, 5 эркек "Пирогово" ооруканасына жеткирилген. 7 адамдын тең жүзү, дем алуу органдары, арасынан экөөнүн колу кошо күйгөн. Дагы биринин буту жоон санынан сынып кеткен.

Стамбул шаарынан Түндүк Македонияны көздөй бараткан автобус Болгариянын аймагына Софья убактысы боюнча түнкү 21:00дө (Бишкек убактысы боюнча 1:00) Капитан Андреево бекетинен кирип, түнкү 3:00дө София - Благоевград унаа жолунда баратып, жолду бөлгөн тосмону сүзүп өрттөнүп кеткен.

Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатканы айтылды. Болгария бийлигинин божомолунда кырсыкка үч жагдай себеп болушу мүмкүн: айдоочу уктап кеткен; жол тайгак болгон; кайсы бир тетиги иштебей калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД