Сокулукта жоголгон кыздар Бишкектеги компьютердик клубдан табылды

Сокулукта дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы курбулар Иманказы кызы Зейнап жана Замирбек кызы Айсезим табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук милициянын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул жашы жете элек дайынсыз жоголгон кыздар табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Белгиленгендей, кыздар Бишкектеги компьютердик клубдардын биринен табылган.

Эскерте кетсек, кыздар 14-ноябрда түшкө жуук үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болушуп, 18-ноябрдан тартып милиция кызматкерлери тарабынан издөөгө алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД