Кадамжай милициясы окуучуларга ачык эшик өткөрдү

Кадамжай РИИБнин жетекчилиги мектеп окуучуларына ачык эшик өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, укук бузуулардын алдын алуу ошондой эле мектеп окуучуларына туура багыт көрсөтүп патриоттук сезимдерин күчөтүү максатында Көтөрмө айыл аймагындагы мектептер арасындагы 9-класстан жогорку мектеп окуучуларына ачык эшик уюштурулду.

Ачык эшикте Кадамжай РИИБнин бир күндүк жумушу көргөзүлдү. Ошондой эле жол кыймылынын коопсузуду, зордук-зомбулуктун алдын алуу, бангизаттарынын коомдогу зыяндуулугу боюнча лекциялар өтүлдү.

Иш-чаранын соңунда Кадамжай РИИБнин кызматкерлери үчүн салынган спорттук залда спорт оюндары ойнотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД