Президент өзү жолугушууга барууда: аларга аянтта эмне бар?

Жума ичинде Садыр Жапаров Бишкектин бир катар жаңы конуштарынын тургундары менен бир нече ирет жолугушуу өткөрдү.

Өлкө башчысы 18-ноябрда Бишкектин Түштүк-батыш көрүстөнүнө жакын жайгашкан "Жер ынтымак" жаңы конушунун тургундары менен жолугушту. Басып алган жерлерин мыйзамдаштырып бергиле деп талап кылып митинг уюштурган бул конуштун тургундары менен Садыр Жапаров эски аянттан жолугушту.

Мамлекет башчысы мамлекеттик органдарга бул маселени иликтеп көрүүнү тапшырууга, андан соң чечим чыгарууга убада берди. Ошондой эле, ал көпчүлүк калктын үйлөрү менен жерлерин мыйзамдаштырууга байланыштуу маселелерди мүмкүн болушунча эрте чечүү боюнча керектүү бардык нерселер жасалып жатканын айтты. Бул көйгөй аймактарда этап-этабы менен чечилип жатат. Жакында эле ТЭЦ-2нин жанындагы жерлерди трансформация кылууну баштоо, жашоочуларга кызыл китеп берүү тапшырылган. Бул маселелерди чечүүгө убакыт талап кылынат.

Садыр Жапаров чогулгандарга митингдер мындай маселелерди эртелетүүгө же толугу менен чечүүгө жардам бербей турганын айтып, жер басып алуу темасын козгоп кетти.

"Митингдер абалды турукташтырууга же жакшыртууга жардам бербейт, муну баары түшүнүшү керек. Мындан ары ар ким өздөрү каалагандай жер басып алып келген башаламандыктар болбойт. Мыйзам бузгандарга тиешелүү чара көрүлөт. Биз укуктук мамлекет жолунда баратабыз жана мыйзам боюнча жашоого үйрөнүшүбүз керек", - деп белгилеп өттү өлкө башчысы.

22-ноябрда Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу "Ала-Тоо 3" жаңы конушунда болду. Анда ал жайында бир нече жаңы конуштардын жашоочулары менен жолугушканын жана алардын көйгөйлөрүн чечип берүүгө убада бергендигин билдирди.

"Мен силердин бардык көйгөйүңөрдү изилдеп чыктым, ошондуктан бүгүн силерге жолукканы келдим", - деди мамлекет башчысы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 13 үйдүн ээси өз жер тилкелерин мыйзамдаштыра жана үйдүн техпаспортун ала албай жатышат. Мындан сырткары, өз көрүстөнү жок болгондугуна байланыштуу каза болгондорду жерге берүүдө көйгөйлөр болууда. Ошондой эле, алар президенттен мектеп куруп берүүнү, коомдук транспорт жүргүзүүнү, жолдорду оңдоп, жаңы конушту шаарга коштуруп берүүнү суранышты.

Ошол эле күнү президент Сокулук районунун "Ак-Ордо-3" жаңы конушунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар президентке 20 жылдан бери чечилбей келе жаткан бир топ көйгөйлөрдү айтышты. Мисалга, жашоочулар өз жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай жүрүшөт, конушта мектеп, бала бакча, оорукана жок, ошондой эле жол жана көрүстөн көйгөйү курч турат.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундарды угуп, ошол эле жерден президенттин Чүй облусундагы укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге эл айткан көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча эрте чечүүнү тапшырды. Президент мындан сырткары конуштагы жер тилкелерине техникалык паспортторун берүү маселесин чечүүнү да тапшырды.

"Май айына чейин укук берүүчү документтери жана техпаспорттору жок үйлөр калбашы керек. Андай болбосо тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматтарынан эле бошотулуп тим болбостон, милдеттерин аткарууда шалаакылык кылганы үчүн жоопкерчиликке тартылышат", - деп айтты Садыр Жапаров. Ошондой эле, ал жаңы конушту борбор калаага кошуу маселеси тургундар бүт документтерди алып бүткөндө жана социалдык объекттер курулуп бүткөндө чечиле турганын билдирди.

Бул жолугушуулардын баары Садыр Жапаровдун кайсы убак болбосун эл менен түз сүйлөшүүгө даяр экендигин далилдеп тургандай. Ал тургай нааразычылык билдирип жаткан адамдар тууралуу сөз болуп жатканда. Бул эгерде шайлоодон кийин кандайдыр бир чыр-чатак чыкса, Садыр Жапаровдун мурунку өлкө башчыларынан айырмаланып, бекинип жатып албай нааразычылык билдиргендерге жеке өзү чыгат дегенди билдирет.

Мындайча айтканда, жер басып алгандар дайыма эле жарылып кетүүчү масса болуп келген, себеби, алардын көйгөйлөрүн буга чейин эч ким чечип берүүнү каалаган эмес. Мурунку президенттер бул адамдар менен байланышууну каалашкан эмес, ал эми Садыр Жапаров алар менен жайбаракат гана жолугушуу өткөрүп жүрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД