Кыргызгидромет билдиргендей, 25-ноябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдордо кар, муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +14…+19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +5…+10;
Бишкекте 25-ноябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +8…+10 градус жылуу.