"Түндүк электр" ишканасынын башкы директору болуп Нурдин Осмонов дайындалды. Бул тууралуу компаниядан кабарлашты.
Мындай чечимди директорлор кеңеши 23-ноябрда кабыл алган.
Буга чейин ишкананы Азамат Кожомкулов жетектеп келген. Ал 23-ноябрда директорлор кеңешинин чечими менен кызматтан бошотулган.
Кожомкулов бул кызматка компаниянын директорлор кеңеши тарабынан 2021-жылдын 18-августунда дайындалган.