БШК 730 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-ноябрында болуп өткөн өзүнүн кезектеги жыйынында 295 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.

Ошентип, 2021-жылдын 23-ноябрына карата БШК бардыгы болуп төмөнкү уюмдардын атынан 730 эл аралык байкоочуну аккредитациялады:

Шайлоо органдары: - 14 Байкоочулардын саны 34

Эл аралык уюмдар: - 19 Байкоочулардын саны 634

Дипломатиялык өкүлчүлүктөр: - 19 Байкоочулардын саны 62

Бардыгы: 730

Парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүү үчүн төмөнкү уюмдар эл аралык байкоочуларды жиберишти:

КМШдан миссия (анын ичинде КМШ ПААдан жана ЖККУ ПА топтору) бардыгы 190 байкоочу;

Миссия ДИАУБ ОБСЕ – 288 байкоочу (50 узак мөөнөттөгү жана 238 кыска мөөнөттөгү);

ОБСЕ Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясы – 70 байкоочу;

ШКУ Миссиясы – 17 байкоочу;

Европа Кеӊешинин Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясы – 14 байкоочу;

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясы – 19 байкоочу;

Түрк мамлекеттери уюмунун Миссиясы – 9 байкоочу;

Ислам кызматташтыгы уюмунун Миссиясы – 5 байкоочу ж.б.

КМШ Миссиясы жана ДИАУБ ОБСЕ шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү боюнча Кыргызстанда өз ишин баштады. Бул учурда байкоо жүргүзүүлөр узак мөөнөттөгү байкоочулар тарабынан борбор калаада жана ошондой эле өлкөнүн аймактарында да жүргүзүлүүдө.

Эл аралык уюмдардан тышкары байкоо жүргүзүү чет өлкөлүк шайлоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан да ишке ашырылат. Кыргызстан БШКсы Азербайжандын, Беларусиянын, Грузиянын, Казахстандын, Латвиянын, Литванын, Мальдивынын, Молдованын, Россиянын, Румыниянын, Тажикстандын, Түркиянын, Украинанын жана Өзбекстандын БШК өкүлдөрүн аккредитациялады.

Чет өлкөлүк шайлоо органдарынан келген коллегалар тарабынан шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине байкоо жүргүзүүдөн кийин жасалган мониторинг КР БШК үчүн өлкөдөгү шайлоо системасына ар тараптуу жана объективдүү сереп салууда, мыйзамдык базадагы мүмкүн болгон калпыстыктарды аныктоодо жана аларды жоюуда, ошондой эле колдонулуучу жол-жоболорду жакшыртууда олутуу мааниге ээ.

Ошондой эле чет өлкөлүк 19 элчиликтин өкүлдөрү да эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өтүштү.

Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктары ал аккредитациядан өткөн күндөн башталып, шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланган күнү аяктайт. Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өтө алышпайт.

Аккредитациядан өтүшкөн эл аралык байкоочулар бардык шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болууга жана аларда ары-бери жүрүүгө укуктуу.

Эл аралык байкоочулардын Кыргызстанда болуусунун программасына БШК төрагасы, Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын жетекчилери, саясий партиялар, ЖМК жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен боло турган жолугушуулары, ошондой эле төмөнкү иш-чаралар камтылган:

2021-жылдын 27-ноябрында – Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жана шайлоонун жыйынтыгынын ишенимдүүлүгүнүн жана тазалыгынын заманбап технологияларын колдонуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу эл аралык жана коомдук байкоочулар үчүн БШК Төрагасынын презентациясы;

2021-жылдын 28 ноябрында – добуш берүүнүн жүрүшүндө байкоо жүргүзүү үчүн шайлоо участкаларына баруу;

2021-жылдын 29-ноябрында – байкоо жүргүзүү миссиясы шайлоо процессине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча өз корутундуларын жана сунуштарын түз эфирде билдиришет.

Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө тиешелүү бардык актуалдашырылган маалымат БШКнын расмий сайтында www.shailoo.gov.kg. "Эл аралык байкоочулар" бөлүмүндө жарыяланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД