БШК жаш шайлоочуларга шайлоо боюнча интеллектуалдык оюн уюштурду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ""Илек-Илек жаштары" жаштар уюму менен биргеликте жана USAIDдин колдоосунда Шайлоо системаларынын эл аралык фондусунун өкүлчүлүгү менен шайлоого катышууну кеӊири жайылтуу боюнча жаш шайлоочулар үчүн интеллектуалдык оюнду уюштурду. Бул тууралуу БШК аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жаш шайлоочулар үчүн бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жол-жоболору түшүндүрүлүп, эки бюллетенди толтуруу боюнча түшүнүк берилди.

Ошондой эле БШК добуш берүүнүн жыйынтыгынын тазалыгынын камсыздалышын көрсөтө алды, аны биометрикалык идентификация жана автоматтык эсептөөчү урналар камсыздады. Мындан тышкары, Маалыматтык шайлоо тутум тууралуу да айтып беришти. Жаш шайлоочулар шайлоо процессинин тазалыгына ынануу менен, добуш берүүнүн симулациясына катыша алышты.

Оюндун жүрүшүндө студенттер "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзам боюнча, аралаш шайлоо тутуму, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүү жол-жоболору тууралуу суроолорго жооп беришти.

Ошондой эле шайлоочулардын тизмеси жана шайлоочулардын тизмесиндеги жаштардын саны, шайлоодо жаштардын активдүүлүгү, Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиясынын түзүлүшү боюнча да суроолор берилди.

Калыстар тобуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү дайындалды.

Жеӊүүчүлөр чубалгысыз наушниктерди, ноутбуктар үчүн муздатуучу койгучтарды, фитнес-билериктерди, футболкаларды алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД