Тохир Марасуловго эмгек сиңирген машыктыруучу наамы ыйгарылды

Жогорку даражадагы спортчуларды даярдагандыгы, спортчуларды тарбиялоо ишиндеги баа жеткис эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн кикбоксинг боюнча машыктыруучу Тохир Марасуловго "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" спорттук наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, наамды аталган агенттиктин директору Канат Шабданбаев тапшырды.

Белгилей кетсек, спорттук наамды ыйгаруу жөнүндө чечим Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын "2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясынын" талаптарына ылайык кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД