
Ош шаарынын борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлдү. Жыйында Азирети Муфтийдин буйругунун негизинде ибадат кыла турган жерлерде чогулуш, митинг, шайлоо алдындагы үгүттөө, саясий мүнөздөгү дагы башка иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбей тургандыгы эскертилди.
"Шайлоо алдындагы үгүт иштерине мечитте же диний окуу жайдын имаратында шарт түзүп берген жана аралашкан дин кызматкерлери жоопкерчиликке тартылат"- деди Мирланбек ажы Токтомушов
Айта кетсек, жыйынга Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов, Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов жана шаардагы дин кызматкерлери катышты.