ЖАМКда зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча тренинг өттү

2021-жылдын 23-24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын пенитенциардык/түзөтүү мекемелеринин начальниктеринин орун басарлары үчүн "Түзөтүү мекемелеринде сексуалдык жана гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" деген темада тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тренинг гендердик сексуалдык зомбулукка карата аярлуулукту жогорулаткан факторлорду, эркинен ажыратуу жайларын башкарууга байланыштуу укуктук инструменттерди, ошондой эле эл аралык стандарттарды жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн гендердик зомбулуктун коркунучун азайтуудагы жоопкерчилигин талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.

Тренинг Кыргызстандагы пенитенциардык реформаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнүн алкагында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан колдоого алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД