Өзбекстанда акыркы суткада дагы 211 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 100 335 адамдан коронавирус тастыкталган.
Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен 95 993 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Соңку суткада 207 бейтап айыккан.
Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 3 652 адам коронавирустан дарыланып жатат.