COVID: жабыркагандарга жардам берүү үчүн электрондук капчык ишке киргизилди

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Кыргыз Республикасындагы шаарларда жашаган аялуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча "Эмгек жана окутуу үчүн акчалай жардам" долбоорунун алкагында электрондук капчык ыкманы ишке киргизди. Бул демилге Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен мүмкүн болду.

Пилоттук долбоор Кыргызстандын 23 шаарында ишке ашырылып келүүдө. Жалпысынан 146,000 АКШ доллары 1,460 аялуу үй-бүлөгө (ар бир үй-бүлөгө 100 АКШ доллары) жамаатка маанилүү болгон инфраструктураны калыбына келтирүү же жумуш мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга жол ачуу үчүн окуу сыяктуу долбоорлорго катышканы үчүн берилет. Долбоордо улуттук жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган, жалгыз бой эне башкарган, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.

Электрондук капчык сыяктуу санариптик чечимдер коопсуздукту, көзөмөлдү, натыйжалуулукту, ачыктыкты жана жоопкерчиликти камсыз кылат. Электрондук капчык адамдарга тандоо мүмкүнчүлүгүн берип, бир катар санариптик кызматтарга жол ачып жана алган жардамын каалагандай сарптоого мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары, бул демилге Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынган адамдардын каржылык сабаттуулугун жогорулатат, анткени алар жаңы санариптик аспаптарды жана төлөм ыкмаларын колдонууга үйрөтүлөт.

"Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аялуу үй-бүлөлөргө санариптик капчык же уюлдук кызматтар аркылуу жардам көрсөтүүдө. Каражаттарды кассадан алуу жолдоруна салыштырганда, электрондук капчык үй-бүлөлөргө заманбап кызматтарды көрсөтүү менен гана чектелбестен, алар алынган акчаны кантип коротуу боюнча тандоого ээ болот", - дейт Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу Майкл Хаггинс.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын акчалай жардам долбоору өзгөчө кырдаалдар учурунда жакыр жашагандардын социалдык коопсуздугун жакшыртуу аркылуу азык-түлүк коопсуздугун жана начар тамактануунун негизги себептерин жоюуга багытталган. 2020-жылы Швейцария өкмөтү БУУ ДАТПнын COVID-19 кризисинин терс кесепеттерин жоюу долбооруна 2,5 миллион АКШ долларын бөлүп берген. Долбоор жакырчылыкка жана жумушсуздукка дуушар кылган социалдык-экономикалык соккулардан жапа чеккен үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Акчалай жардам ар бир катышуучуга берилет жана 150 кг буудай унун жана 15 литр өсүмдүк майынын наркына барабар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД