Жумгал милициясы шайлоого карата элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Жумгал РИИБнүн көчмө кабылдамасы менен шайлоо күнүнө карата жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алдыда боло турган 28-ноябрь шайлоо күнүнө карата даярдык көрүү, шайлоо өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти камсыз кылууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте милициянын көчмө кабылдамасы менен айыл тургундарына жеринен жолугушууларды өткөрүп, таза шайлоо өткөрүүгө жана коомдук тартипти сактап берүүгө чакырып, шайлоо мыйзамдарын бузгандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертип, шайлоонун тынч өтүүсү боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери айыл аймактарга иш сапарга чыгууда, жарандардын арыз даттанууларын, кайрылуусун, жеринен кабыл алууда, милициянын көчмө кабылдамасы менен барып, жеринен көмөк көрсөтүп келишет.

Мындан тышкары жугуштуу илдеттин алдын алууда эл көп чогулган жерлерде бет кап тагынып жүрүү жагы эскертилип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД