ЖАМКнын төрагасы Польшанын экс-президенти менен жолугушту

2021-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратында ЖАКнын төрагасы генерал-майор Аскат Эгембердиев Польша Республикасынын экс-президенти, ИИМдин мүчөсү Чыгыш жана Борбордук Европанын жана Борбордук Азиянын баңги саясаты боюнча глобалдык комиссиясынын жетекчиси Александр Квасневский мырза баштаган комиссиянын мүчөлөрү Павел Боем, Мишель Казачкин, Эльвира Сурабалдиева, Латвиянын Европа университетинин институтунун профессору Андрис Пибал, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа регионундагы атайын өкүлү Витенис Андукаитистар менен жолугушту. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууга ЖАКнын башкы штабдын жетекчиси полковник Б.Калыгулов, медицина башкармалыгын өкулу полковник А.Сыргатаева жана ыкчам кызматтарынын өкүлү подполковник Б.Иманбековдор катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө пенитенциардык тутумда баңги заттарды колдонуунун натыйжалуу алдын алуу менен күрөшүү жаатында мындан аркы кызматташуунун бир катар маселелери талкууланды.

20 жылга жакын убакыттан бери пенитенциардык тутумда ишке ашырылып келе жаткан программалар адам укуктарын коргоо жана баңгизаттын зыяндуулугун эффективдүү жок кылуу саясаты аркылуу баңги заттарды колдонуу көйгөйүн чечүүгө туура мамиле кылуу менене бир катар жетишкендиктер болгонуна төрага Аскат Эгембердиев токтолду.

Жыйынтыктар ВИЧтин таралышы жана ашыкча дозадан каза болгондордун саны кескин кыскарганын көрсөттү- деп белгиледи А.Эгембедиев.

Менин кесиптештерим мен сыяктуу эле, көбүрөөк билүү жана ачык, далилдүү диалогду баштоо үчүн комиссиянын ишине кошулуп, аймактагы баңги саясатына тең салмактуу жана адам укуктарына негизделген мамилени илгерилетүүгө салым кошот - деп белгиледи Александр Квасневски.

Ал ошондой эле баңгизат саясаты боюнча аймактык комиссиянын ишке кириши аймактагы кырдаалды өзгөртүүгө жардам берет деген ишенимин билдирди.

Комиссия өлкөдө жана жаза-аткаруу системасында алмаштыруучу терапияны (метадон) киргизүү жана өнүктүрүү наркологиянын акыркы 20 жылдагы негизги жетишкендиги экенин белгиледи. Бул терапия ВИЧ жана гепатит менен ооруп калуунун жайылыш коркунучун азайтатаарын токтолушту.

Аталгн комиссия аймактын өлкөлөрүндө чечим кабыл алуучу адамдар менен ачык диалогду баштоо максатында илимий-тастыкталган далилдерди берүү үчүн түзүлгөн.

Жолугушуу диалог форматында жана абдан жылуу, достук кырдаалда өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД