Жээнбеков, Зулпукаров жана Сарпашевдин баш коргоо чаралары узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды.

Мурдагы аткаминерлердин баш коргоо чарасы 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды.

Эскерте кетсек, аты аталган адамдардын баары "Кумтөр" иши боюнча шектүү катары кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД