Милиция бала бакча тарбиялануучуларына жолдо жүрүү эрежелерин тушүндүрүштү

Милициянын кайгуул кызматкерлери балдар бакчасына барып, "Жолдо өзүн коопсуз алып жүрүү" багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери Октябрь районунда жайгашкан №82 "Бакыт" балдар бакчасына барып, мектепке чейинки билим алып жаткан балдар менен жолугуп, жолдо жүрүүдө өзүн-өзүн коопсуз алып жүрүү багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жолугушуу жаш жеткинчектерге үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кетчү аралыкта жөө жүргүнчүлөр үчүн орнотулган жол белгилерине баш ийүү, жол чырактан жана жөө өтмөктөн өтүүдө эки жакты карап, унаанын келүүсүнө көңүл буруу жана унаа каттоочу чоң жолдун ортосун эч убакта кесип өтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жеткинчектер үчүн даярдалган видео роликтер көргөзүлүп, жол эрежелерин сактоо жан жолдо өзүн-өзү коопсуз алып жүрүү багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушу жаш жеткинчектер кызыккан суроо-жооптор менен коштолуп, кызматкерлерден кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Эскерте кетсек жыл башынан тартып, Бишкек шаарынын аймагында жаш өспүрүмдөр катышкан 460 тан ашуун жол кырсыгы катталып, 500 дөн ашуун өспүрүмдөр жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу багытында милициянын кайгуул кызматкерлери өспүрүмдөр менен тыгыз иштешип, мектеп жана бала-бакчаларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД