Аламүдүн районунда үгүтчүлөрдүн мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды

Аламүдүн районундагы Маевка айылында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин үгүттөөчүлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун, Аламүдүн районундагы Маевка айылында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына Аламүдүн шайлоо округунан талапкердин үгүттөөчүлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматты текшерүү максатында ыкчам аныктоо, тактоо иш-аракеттери жүргүзүлгөн. Ага ылайык үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө "Жаңыл" жана "Эрлан" аттуу үгүттөөчүлөр шайлоочулардын тизмеси тууралуу, жаңы тизмелерди түзүү үчүн атайын бланктардын дайын экендигин жана талапкер тарабынан алдын ала акча каражаты бериле турганын билдирип, тизменин негизинде шайлоочуларды алып келүүнү суранып жана ар бир шайлоочу үчүн 1000 сомдон бере турганын билдирген.

Аталган маалыматтар боюнча чогултулган материалдар 2021-жылдын 22-ноябрында Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө, тергөө иштери башталган.

2021-жылдын 25-ноябрында ИИМдин жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жаш Гвардия жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 1965-жылы туулган Б.А. аттуу үгүттөөчү М.М. аттуу жаранга 5000сом акча берип жаткан жеринен кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районунун Маевка айылындагы жайгашкан штабына барып, кароо жүргүзүлүп, үгүттөөчү Б.А.га тиешелүү үгүт материалдары, жарандардын жана үгүттөөчүлөрдүн тизмелери алынган.

Б.А. сурак учурунда чынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына Аламүдүн шайлоо округунан талапкерге үгүттөөчү катары иштээрин, аны менен расмий түрдө келишим түзүп, салык кызматынан патент алгандыгын, 40ка жакын башка үгүттөөчүлөрдү иштетип жатканын жана өздүк эсеби аркылуу 255 000 сом алып башка үгүттөөчүлөргө таратып бергендигин билдирди. Үгүттөөчү Б.А.ны өздүк кароо жүргүзүү учурунда анын жанынан кошумча 51 500 сом алынган.

Жыйынтыгында аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессттик кодексинин 98-беренеси боюнча 1965-жылы туулган Б.А. Ысык-Ата РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы мезгилде ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жогоруда аталган шайлоо боюнча мыйзам бузуулардын алкагында ыкчам иликтөө жана аныктоо иш-чаралары улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД