Милициянын кайгуул кызматкерлери автоуна уурдоого шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-ноябрында 1996-жылы туулган Д.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Анда ал ошол эле күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйүнүн короосунда токтоп турган "Toyota Voxy" үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз жарандар жашыруун уурдап, белгисиз тарапка айдап кеткенин билдирген.
Бул боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Т.У. жана 1977-жылы туулган А.У. аттуу жарандарды аныктап, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен.
Бул факты Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 206-берененин (Авто транспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.