Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин Садыр Жапаров өлкө жарандарын парламенттик шайлоого активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.

"Ар бириңиздердин добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат", - деп кайрылды президент Садыр Жапаров өлкө жарандарына.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД